• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот Орхан Инанды 21 жылга кести

16 Кулжа 2023 16:00 Бишкек Govori.TV

Анкарадагы Жогорку Сот Орхан Инандыга «куралдуу террордук уюмду башкаруу» беренеси менен айып тагып, 21 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда «Анадолу» агенттиги кабарлады.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 2021-жылдын 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Инандынын колун Бишкектен уурдоо учурунда сындырышкан, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыптап жатканын «Анадолу» агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») менен кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар экенин билдирген.

Количество просмотров: 128