Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров бир айдан соң жатак абагына чыгарылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жактоочу Замирбек Базарбеков билдирген.
Маалыматка ылайык, Жапаровдун түзөтүү колониясындагы мөөнөтү 2020-жылдын 5-февралында аяктап, 6-февралдан тарта жатак абагына чыгарылат.
«Биз толук ынануу үчүн Молдовановка айылындагы №1 колониянын жетекчисине эки жолу кат жөнөткөнбүз. Ал Садыр Жапаров «6-февралда жатак абагына которулат» деп расмий түрдө жооп берди. Шарты боюнча өз үйүнө чыгарылып, маал-маалы менен абакка барып каттоодон өтүп турат. 2019-жылы ишке кирген Жазык кодекси боюнча соттолгон жаран жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин колониянын жетекчисинин чечими менен эле бошотулат. Демек, Жапаровду жатак абагына которуу үчүн сот отуруму болбой турганын түшүнсөк болот», — деп билдирген жактоочу Базарбеков.
Эске салсак, Садыр Жапаровду 2017-жылдын март айында «Ак-Жол» чек ара бекетинен УКМК кызматкерлери кармаган.