• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Жактоочу Турдалиев: 31 жылда мындай жапырт камоо болгон эмес

21 Бештин айы 2022 11:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-декабрда «Массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деп айыпталып кармалган саясатчы, активисттердин жактоочулары маалымат жыйын уюштуруп, мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Жактоочу Кантемир Турдалиев иштин курамында кылмыш жок экенин белгилеп, төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Козголгон кылмыш ишин саясий иш деп айтууга акыбыз бар. 20дан ашуун саясатчы, активисттерди Кемпир -Абад боюнча өз пикирин айткан үчүн алып барып камап коюшту. Баш мыйзам бузулуп жатат. Тактап айтканда, Конституцияда ар ким өз оюн эркин айтканга укуктуу деп турат. Бизде да саясий туткундар пайда болду. Кыргызстан эгемендүүлүк алган 31 жылда мындай жапырт камоо болгон эмес. Жакында алардын баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотто каралат. Жаңы жылдын алдында аларды үй камагына чыгарып койсо жакшы болмок «,-деди ал.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, камалган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген. 14-декабрда алар саясий ачкачылык жарыялашты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров 17-декабрда «Кабар» агенттигине Кемпир-Абад, камалгандар боюнча маек берип, жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун билдирген.

Количество просмотров: 2533