Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев каза болду. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Арстан Алай 5-январда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон.
Ал эми Жаза аткаруу кызматы азырынча маалымат бере элек.
Эске салсак, УКМК Арстанбек Абдылдаев “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген.