• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жакында Кыргызстанда коронавируска ПЧР тест тапшырууга болот

20 Чын куран 2020 10:57 Бишкек Govori.TV

Жакында Кыргызстанда коронавируска ПЧР тест тапшырууга болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бүгүн-эртең жеке лабораториялардын бири анализдерди ала баштайт. Ал – Бонецкий лабораториялар тармагы. Ал карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар республикалык борборунда мамлекеттик лаборатория менен биргелешкен лабораторияны түздү. Жакынкы күндөрдөн тарта ал жакка кайрылып, ПЧР тесттен өтүүгө болот. Бул тууралуу кошумча айтылат. Анализ тапшыруунун орточо баасы 2 миң сомду түзөт», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568ге жетет. Алардын ичинен 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Количество просмотров: 208