• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жакынкы 5 жылдын ичинде 7,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо пландалууда

10 Бирдин айы 2021 13:19 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жумушчу кеңешмеге катышты, анда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен биргеликте иштелип чыккан «Менин үйүм 2021-2026» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын концепциясынын долбоору тартууланды. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, программа долбоору аркылуу 2021-2026-жылдары 7 500 кем эмес үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 000 м кв кем эмес турак-жай сатып алууну жана курууну каржылоо, жалпы суммасы 5 млрд сомдон кем эмес инвестиция тартуу, 1 млрд сомдон кем эмес суммадагы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу каралууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын концепциясынын долбоорун жактыруу чечилди.

Жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тийиштүү мамлекеттик органдарга өнөктөш-банктар жана донорлор менен биргеликте мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди кыскартуу жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Количество просмотров: 321