• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жакынкы сааттарда Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

22 Үчтүн айы 20259:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

ӨКМ шамал катталган учурда коопсуз жайларда болууну, кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү кызматына токтоосуз чалууну эскертет. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Количество просмотров: 176