• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Жал» кичирайонунда жаңы гүлбакча пайда болот

25 Чын куран 2019 10:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.

Бишкектеги «Жал» кичирайонунда Масалиев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы гүлбакча пайда болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек жашылдандыруу чарбасы ишке кирди.

Ишкананын кызматкерлери бак отургузуу үчүн алгач жерлерди түздөп чыгышууда. Гүлбакчага гүл өстүрүү үчүн жайлар даярдалып, газон төшөлөт. Мэриядан билдиришкендей, бул «Жалдагы» экинчи гүлбакча.


Количество просмотров: 30