• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Бишкектин аянтына киши деле басып барбайт». Шаардын кичирайондоруна көңүл бурулбай жатканына эл нааразы

4 Чын куран 2020 14:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги кичирайондоруна жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Мындай билдирүүсүн Жал кичирайонунда жайгашкан 72-мектептин күзөтчүсү билдирди.

Анын айтымында ал жакта жашаган жарандар кечкисин деле, эртең менен таң атпай деле эшикте, ал кайтарган мектептин короосунда жүрүшөт.

«Мен 15 күндөн бери мектепти кайтарып жатам, директордун деле иши жок, ачкасынбы токсуңбу дебейт. Мектеп директору кайтарыш керек деди кайтарып жатабыз. Ал эми элдер эшикте эле жүрүшөт, айтсаң жаман көрүшөт. Ушул оюн аянтчада эле жүрүшөт. Кыдырып келген милиция кызматкерлерине айтайын десем же алар келбейт. Бишкектин аянтын эле тосуп, болгон көңүлдү ошол жакка бура бербей, шаар чекесиндеги кичирайондорго да келип коюшса жакшы болмок», — дейт кароолчу.

Количество просмотров: 317