• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жалдагы мушташ. Сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын узартты

9 Үчтүн айы 2020 11:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук соту эркек кишилерди мыкаачылык менен сабаган жарандардын баш коргоо чарасын карап, алардын камактагы мөөнөтүн узартуу чечимин чыгарды.

Маалыматка ылайык, шектүү катары өтүп жаткан бир туугандар Жаныбек Бапышев жана Калысбек Сеитбеков ушул жылдын 31-январына чейин камакта калышат.

Белгилей кетсек, Жал кичирайонундагы супермаркеттин жанынан эркек кишилердин аёосуз токмоктолгону тууралуу маалымат милицияга 28-август күнү түшкөн. Окуя болгон жерге кайгуул-күзөт кызматы менен Чүй облустук милициянын кызматкери Казыбек Бапышев келип, эки шектүүнү алып кеткен. Ал эми жабырлануучулар ооруканага жеткирилет.

Бул ишке шектүү катары Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбеков кармалып, экөө Казыбек Бапышевдин бир тууганы экени аныкталат.

Ленин районунун прокуратурасы эркектер сабалган жерге келген төрт милиционердин үстүнөн иш козгоп, тартип сакчыларына Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кылмышты жашыруу» беренелери боюнча айып коюлган.

Мындан тышкары, милициянын №2 бөлүмүнүн тергөөчүсү менен иликтөө кызматынын начальниги иштен алынган. Дисциплинардык уставдын талабын бузганы үчүн ошол эле бөлүмдүн нөөмөттөгү инспектору менен жардамчысына катуу сөгүш жарыяланган.

Казыбек Бапышев жеке кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди чечүү үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кылмышты жашырганы үчүн укук коргоо органдарынан бошотулду.

Количество просмотров: 710