• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттар жалаа жана кемсинтүүлөр үчүн 100-200 миң сом айып салууну 1-окууда жактырды

23 Тогуздун айы 202414:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоого ээ болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун депутаттарга юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан айыппулдун өлчөмү негизсиз жогору экенин айтып, мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна 63 депутат «макул», 6 депутат «каршы» добуш беришти.

Количество просмотров: 198