• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 4 жаңы имарат курулат

27 Жалган куран 20249:30 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 4 жаңы имарат курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, быйыл 2024-жылдын капиталдык курулуш планына Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 4 имараттын курулушу киргизилди.

Алар Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имараты, трансформатор оңдоочу цехи, райондук электр тармактарына караштуу Кызыл–Жар жана Кызыл-Туу участкаларынын имараттары.

Курула турган имараттар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан каржыланат.

Количество просмотров: 84