Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары калаа мэрлигине Эрнисбек Ормоковду кайра шайлашты. 7-июндагы шайлоодо Ормоков шаар башчылыгына ат салышкан жалгыз талапкер болду. Шаардык кеңештеги 31 дептутаттын 29у сессияга катышып, бир добуштан аны колдошту.
Ал 3-декабрдан бери мэрдин милдетин аткарып келген.
Ормоков былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынын тизмесинде катышкан.