• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жалал-Абад мэриясы Бакиев менен Батыровдун мүлкүн өзүнө каттата элек

27 Жетинин айы 2018 16:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.11.2018.  Govori.TV
Жалал-Абад шаарынын мэриясы 2010-жылы мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык экендиги сөз болуп жүргөн базарды жана Кадыржан Батыровго тиешелүү көп кабаттуу үйдү өзүнө каттата албай жатат. Бул тууралуу мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Болот Жусупбеков билдирди.
Башкы прокуратура 2010-жылы бул мүлктү камакка алуу чарасын бекитип, Сузак райондук сотунун чечими чыккан. Кийин ал мамлекеттин карамагына алынган. 2016-жылдын сентябрь айында өкмөттүн токтомунун негизинде Бакиевдерге тиешелүү Курманбек көчөсүндөгү 33 миң чарчы метрдеги курулуш базары жана Батыровго таандык Жамашев көчөсүндө жайгашкан 52 батирлүү көп кабаттуу үй мэриянын менчигине өткөрүлүп берилген.
«Бирок жогорудагы мүлк камактан чыгарылбагандыктан ушул кезге чейин мэрия өзүнө каттоого ала албай жатат. Шаардык жана облустук сотторго жазган арыздардын баары түшүнүксүз жагдайлардан улам четке кагылып, бул иш азыр Жогорку соттун кароосунда жатат», – деди Жусупбеков.
Батыровго тиешелүү көп кабаттуу үйдү 2010-жылдан кийин тургундар басып алышкан. Алардын 32си ушул тапта мыйзамсыз жашап келишет. Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, азыр чет жакта жүргөндүктөн сот аны сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыраткан. 2011-жылы анын бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган.
Батыров өзү күнөөсү жок экенин айтып жүрөт. Батыровго жана анын жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн.
Булак: “Азаттык”
Количество просмотров: 26