• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалал-Абад облусунда 3,5 баллга жеткен жер силкиди

3 Теке 201810:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.07.2018.Govori.TV.
Республиканын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2018-жылдын 3-июль күнү саат 01:39да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Кызыл – Туу айылында, Шамалды- Сай шаарында 2,5 баллга, Кум жана Теңдик айылдарында 2 баллга сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Количество просмотров: 119