• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жалал-Абад облусунда 4 жерге кар көчкү түштү

11 Жалган куран 20229:08 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда 4 жерге кар көчкү түшүп, тазалоо иштеринен кийин унаа жол бир тараптуу ачылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-мартта болжол менен 12:50 чамасында Ала-Бука — Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 72-75-чакырым аралыктарында Чоң-Сай тилкесинде 4 жерден болжол менен 395 миң 200 м3 кар көчкү түшүп, жолду тосуп калган.

ӨКМден Жерине Чаткал райондук ӨКБнүн ыкчам тобу, гидрометеорология кызматы, №27 ЖТИнын кызматкерлери жеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Натыйжада жол 10-март күнү 23:00 бир тараптуу ачылганын маалымдайт.

Количество просмотров: 302