• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титиреди

2 Баш оона 2018 17:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.08.2018.Govori.TV.
Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
«2-август күнү саат 15:14тө Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган»,- деп айтылат маалыматта.
Жер титирөө Кара-Көл шаарында, Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3 баллга, Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Количество просмотров: 24