Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Россиянын достук паркын куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү макулдашууга шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Антон Ветошкин кол коюшту.
Планга ылайык, аталган парк 8 гектардан ашуун аянтты түзүп, курулуш иштерине 170 млн рубль сарпталат.
Сейил бактын долбоорунда коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, парк павильондору, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле баскетбол, кичи-футбол ойноо үчүн спорттук кластерлердин курулушу каралган.