• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жалал-Абад шаарынын жаңы мэри шайланды

3 Бештин айы 2020 12:07 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, шаар мэри болуп Эрнисбек Ормоков шайланды.

Маалыматка ылайык, бүгүн шаардык кеңештин сессиясына 31 депутаттын 28и катышып, баары бир добуштан Эрнисбек Ормоковдун талапкерлигин колдогон.

Эрнисбек Ормоков быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер катары катышкан.

Ал эми Жалал-Абад шаарын буга чейин Мураталы Тагаев жетектеди. Ал 6-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Андан кийин мэрдин милдетин вице-мэр Нуртилек Орозов убактылуу аткарган.

Количество просмотров: 100