• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абад жана Баткен облустарына ички аба каттамдар жанданат

11 Аяк оона 202016:41 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропорту Жалал-Абад жана Баткен облустарына ички аба каттамдарын жандандырууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча каттам 2020-жылдын 15-сентябрынан баштап, аптасына бир жолу — шейшемби күнү учмакчы.

Ал эми Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек багыты боюнча каттам 2020-жылдын 18-сентябрынан баштап, аптасына бир жолу — жума күнү учат.

Каттамдар «Тез Жет» авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 90