Жалал-Абад шаарында 11 жаштагы бала аттракционго урунуп каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 6-ноябрда, болгон. Жалал-Абад ШИИБдин 102 телефонуна телефон чалышып Токтогул атындагы эс алуу паркында жаш өспүрүм кокустукка учурап каза тапканын билдиришкен. Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып, Ош облусунун 2007-жылы туулган тургуну К.А. жаш өспүрүмдүн аттракционго урунуп каза болгондугун аныкташкан.
Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, КРнын ЖКнин 282-беренесинин негизинде (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.