• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда 2 жаран аттракциондон кулап түштү

19 Чын куран 202215:11 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда 2 жаран аттракциондон кулап түштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 16-апрель күнү саат 23:55 чамасында Жалал-Абад шаарынын Жеңиш эс алуу багындагы аттракционго Сузак районунун тургундары 1997-ж.т. бала жана 2004-ж.т. кыз ойногону түшкөн учурда отургуч сынып кетип, жыгылып түшүшкөн.

Натыйжада алар денелеринен жараат алышып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

Бул окуя “Кокустук” боюнча катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 137