• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

14 Жалган куран 202510:11 Бишкек Govori.TV

Токтогул районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча бүгүн, 14-мартта саат 03:06да Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Силкинүү Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бор-Дөбө тилкесинде 3,5 балл, Жетиген, Кетмен-Төбө, Саргата, Камыш-Башы (Чалдыбар), Көк-Бел, Кызыл-Ураан айылдарында 3 баллга (Бор-Дөбө тилкесинен 7 чакырым түштүк батышта, Кетмен-Төбө айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Жетиген айылынан 13 чакырым түштүк батышта, Саргата айылынан 15 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 184