• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда 35 адам ууланган тез татым жайы жабылды

1 Теке 202210:40 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында тез татым жайынан уулангандардын саны 35ке жеткен. Учурда алардын 27си облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат. .

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, уулангандардын баары 27-июнь күнү шаардагы “Ага-ини” тез татым жайынан тамактанган. Аталган окуядан кийин Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан аталган тез татым жайы жабылып, 7,5 миң сом айып салынды.

Ошондой эле аталган окуяга байланыштуу 30-июнда Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери менен жыйын өткөрүп рейддерди жүргүзүп туруу боюнча тапшырма берилди.

Количество просмотров: 153