• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Жалал-Абадда 5 күн газ берүү токтотулат

4 Чын куран 2023 13:35 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында 5 күн газ берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 5-апрель саат 07:00дөн тарта жекшемби, 9-апрель саат 18:00гө чейин шаардын аймагында газ болбойт.

«Газ шаардан сырткаркы магистралдык жер астындагы газ түтүкчөлөрүн алмаштыруу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 52