• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жалал-Абадда 5 кг гашиш менен чет элдик жаран кармалды

6 Тогуздун айы 202510:49 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРдан Өзбекстанга баңгизаттарды ташуу каналына бөгөт коюлду.

Атайын кызматтан билдиришкендей, чет элдик А.А.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун аймагынан 5 кг салмактагы гашиш аттуу ири өлчөмдөгү баңги затын сатып алып, аны Өзбекстанга өткөрүп берүүнү пландаганы аныкталды.

2025-жылдын 2-октябрында КР Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айылынын Лола тилкесинде КР- ӨР Мамлекеттик чек арасына жакын жерде 5 кг баңги заты менен А.А.А. кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 126