• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абадда ачылган завод саатына 80 тонна асфальт чыгарууда

24 Бугу 202411:28 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында курулган асфальт-бетон заводу иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, завод саатына 80 тонна асфальт чыгарып, өндүрүлгөн асфальт шаар көчөлөрүнө төшөлүүдө.

Эскерте салсак, 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 111,54 млн сомго аталган завод курулуп, 4 даана «Шахман» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу, 1 даана «Портер» үлгүсүндөгү автоунаа сатып алынган.

Учурда мэриянын Жол башкармалыгынын техникалык базасы чыңдалып, шаар көчөлөрүнө өз күчү менен асфальт төшөп жатат.

Количество просмотров: 126