• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жалал-Абадда айрым чектөөлөр алынды

20 Жетинин айы 2020 9:08 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында киргизилген айрым чектөөлөр алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коомдук тамактануучу жайлардын 20:00дөн кийин иштөөсүнө тыюу салган чектөө алынды. Бирок адамдын саны 50дөн ашпай, санитардык эрежелер так сакталышы зарыл. Ошондой эле чайканалардын, бильярд залдарынын иштөөсүнө уруксат берилди.

«Коомдук мончолордун, унаа базарынын иштөөсүнө салынган чектөөлөр алынды. Буга чейин жеке мончолор гана иштеп, коомдук мончолорго тыюу салынган эле. Унаа базары мурункудай тартипте ишин уланта»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, бала бакчаларга, интернет клубдарына, той-аштарга байланыштуу киргизилген чектөөлөр күчүндө калды.

Количество просмотров: 100