• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жалал-Абадда аялды сүзүүгө жана зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды (видео)

26 Бирдин айы 2024 10:59 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда 35 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган шектүү табылып, милицияга жеткирилген.

Жалал-Абад облусунун ЖКККБнын басма сөз кызматы маалымдагандай, 23-февралында болжол менен саат 01:30 чамасында 1989-жылы туулган К.А. аттуу айымды белгисиз жарандар үйүңө жеткирем деп, унаага салып келишкен.

«Бирок, унаадан түшөрдө айымды айдоочу зордуктоого аракет кылган. Ошондой эле унаадан түшкөндөн кийин аны эки жолу сүзүп, андан ары кетип калышкан. Бул окуядан кийин, айым денесинен жабыркап, ооруканага кайрылып, андан ары айдоочуга карата арыз жазган»ю -деп айтылат маалыматта.

Арыздын негизинде издөө иш-аракеттерин жүрүп, шектүү катары Суббару үлгүсүндөгү авто унаанын ээсин кармалган. Азыркы учурда унаасы айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 234