Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү күйөөсү токмоктоду деген келиндин окуясы териштириле баштаганын билдирди. Милицияга 8-августта А.К.кызы аттуу келин сабалып, ооруканага түшкөнү тууралуу дарыгерлер кабар бергенин, келин амбулатордук жардам алгандан кийин үйүнө чыгып кетип, ошол күнү арыз жазуудан баш тартканын маалымдады.
«8-августта саат 22:20 чамасында Жалал-Абад шаарынын А.К. кызы аттуу тургунун күйөөсү уруп койгон. Бул факт ошол эле күнү маалыматтарды электрондук каттоо журналына түшүрүлгөн. Милиция кызматкерлери жубайлардын үйүнө барганда күйөөсү болгон эмес, келин ал күнү арыз жазуудан баш тарткан. Эртеси, 9-августта эртең менен арыз жазган жана тиешелүү экпертазалар дайындалды. Келиндин күйөөсү көрсөтмө берди, териштирүү уланууда»,- деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарында кош бойлуу келин күйөөсүнөн токмок жегени, милиция кызматкерлери шектүүнү кармабай жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.