• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жалал-Абадда айдоочу тоскон автоинспекторду капотко жаткырган тейде айдаган (видео)

7 Баш оона 2018 16:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.08.2018. Govori.TV.
Жалал-Абад облусунда айдоочу тоскон автоинспекторду капотко жаткырган тейде айдаганы туурасында Болот Ибрагимов аттуу  инстаграм колдонуучусу баракчасына жарыялады.
Окуя Ленин көчөсүндө 4-августта болгон. Инспектор Toyota Aristo автоунаасынын айдоочусун жанында тиешелүү документтери жок болгону үчүн токтоткон. Ал айдоочулук күбөлүгүн үйүндө унутуп калганын айткан.
Рулдагы киши токтотконду тоготпой, алдында тосуп турган тейде айдаганда, автоинспектор капотко жыгылган.
Видеодо орган кызматкеринин формасына окшош кийинген аялдын айдоочуну калкалап, автоинспектор менен айтышып жана бирөөгө чалып жаткандыгын көрүүгө болот.

https://www.instagram.com/p/BmJL2iDgCii/?taken-by=bolotibragimov

 

Количество просмотров: 18