Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылында жайгашкан бала бакчада өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Ак-Шоола» бала бакчасынын имараты толугу менен күйүп кеткен. Өрт болжол менен 540 чарчы метр аянтты каптады.
Учурда өрттүн себеби жана башка маалыматтар такталып жатат.