• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жалал-Абадда бала бакчанын жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен

12 Жалган куран 2024 12:22 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда бала бакчанын жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сузак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы токтому менен «Шумкар» бала бакчасынын аймагындагы 0,10 гектар жер катардагы жаранга жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.

Ошондой эле, жогорудагы айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Жер ресурстары кызматынын Сузак бөлүмү тарабынан бул жер тилкеге мыйзамсыз түрдө мамлекеттик акт берилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Сузак РИИБне тапшырылды, ал эми жеке менчикке укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыз келтирилди.

Количество просмотров: 67