• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жалал-Абадда башкы балатынын жанына жардыруучу зат орнотмокчу болгон 2 шектүү кармалды

28 Бештин айы 2023 9:42 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусундагы башкы балатынын жанына жардыруучу зат орнотмокчу болгон шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Терроризмге каршы көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, 25-декабрда Жалал-Абад шаарынын аймагында “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан” эл аралык террористтик уюмунун жашы жете элек мүчөлөрү 2007-жылы туулган Р.М.Р. жана У.М.Т. кармалган.

«Бул балдар аралыктан интернет аркылуу “ИМ-ВХ” уюмдун катарына кошулуп, чет элдик уюмдун эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну пландашкан, ошондой эле Жалал-Абаддагы «Успение Пресвятой Богородицы» чиркөөсүнө террордук чабуулду жана куралдуу кол салууну уюштурууну көздөп жатышкан. Алынган мобилдик телефондорду текшерүүдө теракт даярдоонун далилдери, уюмдун эмиссарлары менен кат алышуу, иш-чаралардын планы жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар, ошондой эле “ИМ-ВХ” уюмунун жетекчисине ант берүү видеотасмалары табылган»,-деп жазылат маалыматта.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүмүндө (террордук акт) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, №53 жашы жетпегендер үчүн тергөө абагына киргизилген. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 793