Жалал-Абадда үч жашар бала 26-сентябрдан бери изделүүдө. Маалыматка караганда, жаш бала ошол күнү түшкө маал Ырыс айылындагы өз үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
Баланын жоголгондугу тууралуу кабар 102 кызматына түшкөндөн кийин ондогон куткаруучулар, ИИМДИН 72 кызматкери, жүздөгөн жергиликтүү жашоочулар тартылып, издөө башталган.
Караңгы кирип кеткендиктен, издөө токтогон. Бүгүн, 28-сентябрда да издөө улантылууда.