• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Жалал-Абадда дааратканага ымыркайын таштаган келин табылды

11 Баш оона 202113:14 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда белгисиз дааратканага жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен келин табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында дааратканага ташталган ымыркайдын энеси 2003-жылы туулган А.К. жаштагы экени аныкталган. Ал 7-август күнү Токтогул шаарына барып, 10-август күнү окуя болгон жердеги үйдүн ээсинин кызынын курбусу болгондуктан бир күн жатып кетейин деп барган. 11-август күнү төрөп дааратканага таштап койгондугу аныкталган.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда белгисиз жаран дааратканага жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткени кабарланган.

Количество просмотров: 176