• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда дарыядан 64 жаштагы аял изделүүдө

27 Бугу 202516:06 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда дарыядан 64 жаштагы аял изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагынын Чат айылынын тургуну А.Б аттуу аялдын кийимдери Кара-Суу дарыясынын жээгинен табылып, өзү дайынсыз болууда.

Мындан улам Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы издөө иштерин жүргүзүүгө кечээ чыгышкан.

Бүгүн, 27-май күнү кайрадан саат 06:00дөн тарта издөө уланууда. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, РИИБдөн, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, дрондун жардамында издөө иштери уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 176