• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жалал-Абадда диний окуу борборлорго рейд жүргүзүлдү

4 Теке 2023 10:08 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында жайгашкан диний окуу борборлорго рейд жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейдге шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, санэпидкөзөмөл борборунун, өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Алар медреселерге, мечиттерге коюлган талаптардын аткарылышын кароодон өткөрүштү. Алардын айрымдарында көп санда балдардын окутулуп жаткандыгы аныкталып, айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилди.

Алдыда шаардагы мечит, медреселер менен катар алар уюштурган жайкы лагерлерге да рейд жүргүзүлмөкчү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 37 мечит, 22 намазкана, эки балдар, эки кыздар медресеси жана бир окуу борбору бар.

Количество просмотров: 82