• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жалал-Абадда эки өспүрүм өз жанын кыйды

18 Тогуздун айы 2019 12:02 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда бир окуучу бала жана Таш-Көмүр шаарында бир окуучу кыз асынып алды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Азаттыкка» билдирген.

 Маалым болгондой, Аксыдагы окуя 9-октябрда, Таш-Көмүрдөгү окуя 11-октябрда катталып, эки өспүрүм тең 15 жашта болгон.

Окуучу бала эжекеси мектепте телефон көтөрүп жүргөнү үчүн урушуп койгондон кийин барып өз өмүрүнө кол салган. Кыздын суицидге барган себеби белгисиз, ал асынарда «Апа, мени кечир» деген кат таштап кеткен. Өспүрүмдөрдүн сөөгүнөн зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес,-деп айтылат маалыматта.

Эки факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал эми окуучулардын ата-энелери эч кимге доосу жок экенин айткан.

Количество просмотров: 184