Жалал-Абадда эс алуучу жайында жайгашкан ашканадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн, Калинин айылында жайгашкан парктын ичинде ашкана күйүп жатат деген кабар таңкы саат 7:10дө келип түшкөн.
Жерине №55 ӨККБдан тартылган 1 бөлүм тарабынан өрт саат 8:02де курчоого алынып, 09:43тө толук өчүрүлгөн.
Кошумча күч катары «Кыргызнефтегаз» ААКнын бир өрт өчүрүүчү бөлүмү жардамга келген. Өрттүн чыгуу себептери такталууда.