Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер силкинүү Базар-Коргон районунун Арсланбап, Көсө-Терек, Кызыл-Үңкүр айылдарында 4,5 балл, Гүмкана, Көк-Алма, Жазы-Кечүү, Жай-Терек айылдарында 4 балл, Ноокен районунун Тоскоол айылында, Сузак районунун Ак-Тоок, Сары-Булак айылында, Кара-Көл шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.