• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жалал-Абадда күйөөсү аялын электр зым менен таанылгыс кылып сабап салды

27 Баш оона 2020 12:50 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда жолдошу тарабынан катуу сабалган 33 жаштагы келин ооруканада жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-август күнү Аксы райондук аймактык ооруканасынын 103 кызматынан РИИБдин 102 телефонуна кабар келип түшкөн. Кербен шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Ы.Г. аттуу келинди үйүндө 1986-жылы туулган күйөөсү А.К. сабаганы кабарланган. Бул маалымат боюнча тергөө тобу ооруканага жана окуя болгон жерге барып, тиешелүү материалдарды чогулткан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, келин үйүнө барганда жолдошу аны «башка жакта болдуң» деп айыптаган. Андан кийин башка үй-бүлө мүчөлөрүн үйдөн чыгарып жиберип, аялынан чечинүүнү талап кылган. Аны электр зым (электропровод) менен сабаган. Жубайлардын урушу 25-августта болгон.

Аталган факт үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, Жоруктар кодексинин 75-беренесинин (үй-бүлөдөгү зомбулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Анын алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 845