• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абадда коменданттык саат киргизилдиби? Милициянын жообу

26 Чын куран 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда коменданттык саат киргизилген жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын аймагында коменданттык саат киргизилип, жарандар жана унаалар текшерүүгө алынары боюнча жалган маалыматтар социалдык тармактарга тарап жатат.

«Урматтуу жарандар, Жалал-Абадда «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтүүдө. Машыгуунун алкагында Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагына блокпосттор орнотулуп, милиция кызматкерлери кызмат өтөшүүдө. Бардык иш-чаралар машыгуунун алкагында гана уюштурулуп, жарандарга эч кандай чектөөлөр коюлган жок. Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз. Мыйзамдарды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 179