• Жекшемби 29 Жетинин айы 2020

Жалал-Абадда коомдук тамактануучу жайлардын иштөөсүнө чектөө киргизилди

30 октября 2020 в 11:53 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануучу жайлардын иштөөсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тамактануучу жайлар белгисиз мөөнөткө чейин кечки саат 20:00дөн кийин иштебейт. Бирок кардардын өзү менен алып кетүүсүнө (с собой) уруксат берилет.

Бул чечим шаардык штабдын жыйынында оору күчөп жатканына байланыштуу кабыл алынды.

Количество просмотров: 40