• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Жалал-Абадда коомдук тартипти 800дөн ашуун милиция көзөмөлдөйт

9 Бугу 2022 9:37 Бишкек Govori.TV

Жеңиш күнүндө Жалал-Абадда коомдук тартипти 800дөн ашуун милиция көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин өздүк курамы «Эркиндик» аянтында кайгуулдоо багыттарына бөлүнүшкөн.

Белгилей кетсек бүгүн облус аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун 800дөн ашуун милиция кызматкерлери көзөмөлгө алышат.

Количество просмотров: 129