• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жалал-Абадда кызылча оорусунан улам эки мектеп убактылуу жабылды

31 Тогуздун айы 2023 9:01 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиясынын чечими менен №2 жана №7 мектептер окуучулар үчүн убактылуу жабылып, аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

Мекеменин маалыматына караганда, буга кызылча (корь) оорусуна кабылган окуучулар көбөйүп кеткени себеп болду:

“Жалал-Абад шаарында кызылча илдетине кабылгандардын саны 144 адамды түздү. Алардын 85и мектеп курагындагы өспүрүмдөр. Учурда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө кызылча менен ооруган 42 бейтап дарыланууда. Жатып дарылангандардын басымдуусу 1 жашка чейинки балдар”.

Жыл башынан бери Кыргызстанда кызылча менен үч миңдей бейтап катталды. Оору эң көп катталгандар Бишкекте, Ошто, Чүйдө, Жалал-Абадда.

Кызылча аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны бир жана алты жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына эки-үч миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган

Количество просмотров: 70