• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жалал-Абадда массалык уулануу катталып, 22 адам ооруканага жаткырылды

30 Кулжа 2022 11:33 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында массалык уулануу катталып, 22 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматта айтылгандай, ооруканага түшкөндөрдүн абалдары туруктуу, бир бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

«Уулангандардын айтымында, алар шаурма жеген. Учурда Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти министрликтен.

Количество просмотров: 56