Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу медициналык беткаптар тигиле баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан кабарлашты.
Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирус жана жугуштуу илдеттерден коргонуу максатында беткаптар атайын жумшак кездемеден (марли) күнүнө 1000 даанадан ашык санда тигилүүдө.
«Бүгүн шаар башчысы аталган жайга барып иштин жүрүшү менен жеринде таанышты. Эми сүйлөшүүлөрдүн алкагында даярдалып жаткан бет каптарды жергиликтүү дарыканаларга жеткирүү жагы жолго коюларын айтылды»,-деп айтылат маалыматта.