Бишкек. 18.01.2019. Govori.TV
Мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дарыларды аныктоо максатында облус боюнча “Арсенал” рейди 12-16 январь күндөрү өттү.
Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан өткөрүлүп жаткан “Арсенал” оперативтүү иш-чарасынын жүрүшүндө ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактагандар аныкталган. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
“4 күн ичинде облус боюнча 16 даана ок курал-жарактар жыйналган. Анын ичинен 4 даана сайлуу, 12 даана сайсыз ок атуучу куралдар”,- деп айтылат маалыматта.
Мыйзамсыз сакталган куралдар Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Таш-Көмүр, Ала-Бука жана Чаткал райондорунан табылган. Арасында милицияга ыктыярдуу өткөрүп берген жарандар да болду.