• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Жалал-Абадда пара алган сот аткаруучу кармалды

29 Чын куран 2022 16:26 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаардык Сот аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаарынын сот аткаруучусу О.Т.О. Сузак районунун тургунун Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси (соттун өкүмүн, чечимин, талабын аткарбоо) менен жоопко тартам деп коркутуп, кредитордук карызын өндүрүүнү оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом жана 500 доллар пара сураган.

О.Т.О. пара алып жаткан учурда кармалган. Бирок шектүү унаасы менен качып, кызматкерлер кууп барып колго түшүрүшкөн. Кармалган адам Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 413